#Осмонаалы Сыдык уулу
Explore tagged Tumblr posts
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/03/09/kyrgyz-taanuu-taryhchy-osmonaalynyn-tegi-kim/
Кыргыз таануу: Тарыхчы Осмонаалынын теги ким?
Сүрөттө: Бүбүш Осмоналиева, тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун кызы, атасынын сүрөтү менен. Кочкор, Нарын облусу, Кыргызстан. 07.8.2014.
Кыргыз тарыхынын көмүскө кала берген барактарына арналган түрмөктө бул жолу тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун (Сыдыков; 1875–1942) тек-жайы тууралуу сөз болот.
Оболу башкы суроого кыска жооп.
Жакында интернеттеги макалаларымдын бирине пикир жазган бир окурман “Сиз тарыхчы Осмонаалынын атасынын атын эмнеге Сыдыков дебестен, Кыдык деп жатасыз? Же булар – башка-башка кишилерби?” деген суроо узатып калды.
Бул суроо бекеринен келип чыккан жок. Илимпоздордун соңку табылгалары калайыктын кеңири катмарына жетпей калган чакта, же чала-чарпыт дайын болгон учурда, албетте, айрымдар ар кыл аңыз кепти гана угуп, чаташа бериши мүмкүн.
Осмонаалынын атасы Кыдык – ��ыргыздын сарыбагыш уруусунун манаптарынын бири Абайылда баатырдын тукумунан. Тагыраак айтканда, Кыдык – Абайылданын 12 уулунун эң кенжеси болчу. Демек, эч кандай Сыдык эмес, дал ушул киши тарыхчы Осмонаалынын атасы болгон. Ал кезде Абайылда урпактарынын бири – жазгыч акын Молдо Кылыч Шамыкан уулу да буларга жакын тууган (төмөндө толугураак сөз болот).
Тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун (1875–1942) айкели. Кочкор кыштагы, Нарын облусу. 07.8.2014.
Тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулу (Сыдыков; 1875–1942) өзү деле эмгегинде атасынын ысымын “Кыдык” деп таасын жазат, бирок китеп мукабасында автордун тегаты “Сыдыков” болуп калганы – падышалык доордогу документтерге аты-жөнү орусташтырылып жана татарлардыкына окшоштурулуп, туура эмес жазылганына байланыштуу болсо керек.
Ал кезде Токтогулду деле Тухтакул деп, Ыбыке уулу дегенди Абукин деп, Орозбековду Уразбеков деп, Шамыкан уулун Шамырканов деп, Элебести Лепес деп ката жаза беришкен.
Осмонаалы жети жашка келгенде атасы Кыдык көз жумат. Кадыр-барктуу агалары бар өспүрүм бала адегенде Кочкордо эле молдодон окуйт, 13 жашында Токмокко келет да, Шакир деген жадитчи татар калпадан таалим алат. Жадитчилер курулай Куран жаттатпастан, тарых, жаарапия (география), эсеп сыяктуу сабактарга да өзгөчө маани берген агартуучулар болгондуктан, алардын шакирттеринин көбү жакшы билим алып чыгышчу. Осмонаалы да көзү ачылат, ошондой жакшы билимдүү болот. Ынтаалуу жигит айрыкча тарыхка кызыгып калат.
Осмонаалы Кыдык уулу 1911-жылы Уфа (Башкортостандын борбору Өфө) шаарындагы Жогорку медресени бүтүргөн. 1913-жылы «Мухтасар тарых-и кыргызиййа» (Кыргыздын кыскача тарыхы”), 1914-жылы «Тарых-и кыргыз шадманиййа» (“Шабданга арналган Кыргыз тарыхы”) деген аталыштарда кыргызча жазган эмгектери Уфадагы (Өфө) басмадан арап арибинде таш басма (литографиялык) китеп болуп жарык көргөн.
Тарыхнаамалык өңүт
Даңазалуу кыргыз тарыхчысы Осмонаалы Кыдык уулунун өмүрү жөнүндө сөз кылууга келгенде улуу муундагы (сталиндик жазалоолор маалында жүрөгү үшүп калган) советтик тарыхчылар өзгөчө сараң болушкан. Анын Никита Хрущев заманында иш жүзүндө акталгандыгы деле рол ойногон эмес, анткени 1960-80-жылдары кыргыз тарыхын изилдөөчү тармактарды Кыргызстан Компартиясынын идеологдору өзгөчө көзөмөлдөп турушкан.
Ошонун айынан го, чамасы, айтор, Осмонаалы Кыдык уулунун өмүрү жана чыгармачыл мурасы жаатында, чынын айтуум керек, КМУнун (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетинде 1976–81-жылдары окуп жүргөндө эч кандай маалымат ала алган эмесмин.
Башка жерде тамашалап жазганымдай, 1930-жылдары Чоң Чүй каналынын курулушунда канча кетмен-күрөк колдонулгандыгы жөнүндө Кыргызстан тарыхы сабагынын олуттуу сынагынан так айтып берүүбүздү талап кылышчу, бирок Осмонаалы Кыдык уулу (Сыдыков), Белек Солтонкелди уулу (Солтоноев), Эшенаалы арабай уулу, Касым Тыныстан уулу жөнүндө дарстарда жана семинарларда эч бир жолу сөз козголбоду.
Брежнев, Чапаев жөнүндө факултеттин окутуучулары коркпостон эле бир кыйла саясий анекдоттор айтышчу, бирок Осмонаалы тууралуу жок дегенде “эч кимге айтпагыла” деп бизге – жаштарга шыбырап коюшпаптыр. Себеби бизди окуткан муундагылар өздөрү деле бала чагында кыргыздын латын арибин үйрөнгөн, бирок кыргыздын арап тамгаларын өздөштүрбөй калган агай-эжейлер болчу.
Демек, арап арибин жана чагатай жазмасын билбеген көпчүлүк советтик тарыхчылар Осмонаалынын эмгегинин түп нускасынан да кабарсыз болчу. Арап тамгасындагы кыргызча китептер Бишкектеги борбордук китепканада да эркин колдонууга чыгарылган эмес.
Дал ошондуктан 1950–80-жылдардагы кыргыз совет тарых эмгектеринде Өктөбүр ыңкылабына чейин эле кыргызча эки тарых китебин арап арибинде жарыялаган бул чыгаан агартуучу жөнүндө жылуу сөз дээрлик айтылчу эмес.
1983–88-жылдары Ташкенде Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда таалим алып жүргөнүмдө гана Осмонаалы Кыдык уулунун биринчи китеби колума тийген.
Осмонаалынын мурасын кайра жарыялап, ачык иликтөө жаатындагы жагымдуу желаргы советтик цензурага байланып-маталган Ала-Тоодон мурдараак КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районуна (ШУАР) жетти. (Ал кезде маочул жана дэн сяопинчил Кытайды СССРде абдан жамандашчу. Көрсө, Дэн Сяопиндин реформалары коомду либералдаштыруу жагынан 1986-жылга чейинки СССРден кыйла алдыга кетиптир).
Дал ошол 1986-жылы кытайлык кыргыздардын көрүнүктүү тарыхчысы, ыраматылык Анвар Байтур (1938–1991) КЭРдин ШУАРынын борбору Үрүмчүдө Осмонаалы Кыдык уулунун чыгармаларын бириктирип, арап арибинде кыргызча жарыкка чыгарды. Бул кабар Кыргызстанга саал кечигип жетти, бирок бул окуя Ала-Тоодогу айдыңдардын арасында “дүңк” эткен чоң окуя болду.
Калыстык менен айтсак, Маскөөдөгү горбачёвдук реформалык аракеттер 1986-жылдын ичинде эле Кыргызстанды жандантып жиберди дешке мүмкүн эмес эле.
Ошондуктан 1987-жылдын башында эле Осмонаалынын Үрүмчүдө кайрадан басылып чыккан китеби Бишкекте (ал кезде – Фрунзе шаарында) ачыктан-ачык жана жандуу иликтене баштады деп бүтүм чыгарууга мүмкүн эмес.
Анын үстүнө 1986-жылдын декабрындагы (бештин айындагы) Алматыдагы айтылуу кандуу Желтоксон окуяларынан соң, коңшу Кыргызстанда да “ашынган улутчулдарды” жана “эскичилдерди” издей башташкан. Кандайдыр бир саясий өнөктүк кылып, улутчулдарды зекип коюу керек эле.
Ошондо кыргыз этнографы жана тарыхчысы Сабыр Аттокуров (1932–2005) берилген коммунист экенине карабастан куугунтукка алынган. Ал эми алыскы Ат-Башы жана Нарын жергесинде Казыбек казалчынын жашыруун таркалган ырларын тинтип жыйнатып, далай карапайым кишилердин үрөйүн учурушкан.
Чыңгыз Айтматов (1928–2008).
Бирок 1987-жылдын экинчи жарымы – 1988-жылдын башынан тартып Кыргызстандагы айдыңдар да акырындап баш көтөрдү. Аларга чыгаан жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, ж.б. туу болуп беришти. “Кыргызстанда кыргыз тили орус тилине тең ата болушу керек, бизге кош тилдүүлүк зарыл” деген айтматовдук ураан да улуттук аң-сезимди көтөрдү.
Дал ушундай жагдайда адабиятчылар, санжырачылар, тарыхчылар жана башка айдыңдар Осмонаалынын жана башка бабалардын мурасына жакындан кайрыла башташты.
Ошол кезеңдин – “Кайра куруулар” доорунун өзү айдыңдарга атуулдук жана романтикалуу бир күч-кубат берип, ар кимиси өз чөйрөсүндө, өз тармагында тың чыга башташты.
Дал ушул күрдөөл учурда, 1988-жылы декабрдын этегинде Ташкенден Бишкекке кайтып келдим. 1989-жылы маркум профессор Анварбек Хасановдун мааракесине арналган илимий жыйында “Жергиликтүү тарыхнаамадагы тарыхый салттарды изилдөөгө карата (Осмоналы Сыдык уулунун эмгектеринин мисалында)” деген темада илимий баяндаманы орус тилинде жасадым.
(Караңыз: Чороев Т.К. К изучению исторических традиций в местной историографии: (На примере трудов Осмоналы Сыдык уулу) // Исторические чтения: Тезисы докл. и сообщений науч. конф., посвящ. 75-летию член-корр. АН Кирг.ССР проф. А.Х.Хасанова. – Фрунзе: Киргосун-т, 1989. – С. 41–43).
1988–89-жылдары ыраматылык тарыхчы агайым Бейше Урстанбеков (1938–1991) менен бирге “Кыргыз тарыхы” боюнча кыскача энциклопедиялык жыйнак түзө баштаган элек. Археология сабагынан дарс окуган, археология боюнча орусча-кыргызча сөздүк жарыялаган бул мээнеткеч жана патриот агайым да С.Аттокуров агайга байланыштырылып, жазыксыз кодуланган учурлар болду (анда мен Ташкенде элем).
Негизинен 1989-жылы жазылып бүткөн бул жалпылама эмгегибиз 1990-жылы гана Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы тарабынан жарык көрдү.
Бул энциклопедиялык чакан жыйнакка мурдараак сөзгө алынышы эч мүмкүн болбогон темалар боюнча кыйла жаңы маалыматтар кирген. Сталинизмге жаңы баа берүүгө байланыштуу айрым макалаларыбызды цензура китепке коштурбай да койгон.
Ал эми Осмонаалы Кыдык уулу атаны советтик кыргыз мектептеринде тарых сабагын окуп жаткандар да билсин үчүн “Кыскача энциклопедиялык сөздүктө” өтө кыска болсо да төмөнкүдөй маалымат камтыганбыз:
“Осмоналы Сыдык уулу (1875–1940) – кыргыз тарыхчысы. Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болушунун Кызыл-Дөбө айылында туулган. Анын аталаш агасы Жаркынбай дубанга таанымал сабаттуу (молдо) киши болгон. О. да өз айылында мектепте окуп, кийин Бухарадагы диний жогорку окуу жайын (медресени) бүтүргөн. Бир катар жылдары Чүй өрөөнүндө мугалим болуп иштеген. Совет дооорунда Пишпектеги окуу жайларында, бир катар мектептерде сабак берген. 20-жылдардын акыры – 30-жылдардын башында Кытайга кетип калган. Чыгыш Түркстанда каза болгон. 1913-ж. Уфа шарында “Мухтасар тарых-и Кыргызийа” (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”), 1915-ж. “Тарых-и кыргыз Шадманийа” (“Шабданга багышталган кыргыз тарыхы”) деген эмгектери басылып чыккан. Бул эки чыгарма тең бир китеп болуп 1986-ж. Үрүмчү шаарында (Кытай) араб ариби м-н кыргызча кайра жарыяланган”.
(Караңыз: Урстанбеков Б., Чороев Т. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – ISBN 5-89750-028-2. – 288 бет.)
Бул маалымат – 1989-жылдын экинчи жарымына чейин колго тийген үзүл-кесил материалдардан топтолуп алынган эле. Кээ бир замандаштарыбыз Осмонаалы Кыдык уулу Кытайга аман-эсен качып барып, ошол жакта өлгөн экен да, – деп аң-таң болушкан. Айрымдар аны сталиндик ГУЛагда тындым кылынган деп жоромолдошкон экен.
Ал эми Осмонаалы Кыдык уулунун өлгөн жылы катары биз көрсөткөн “1940-жыл” деген дата туура эмес экендигин, иш жүзүндө ал 1942-жылы Кытайга караган тоолуу Текес өрөөнүндө Чекирти деген кыштагында оорунун айынан каза болгонун а��ын кыздары Шарипа жана Бүбүш эжелер кийинчерээк гана (пост-советтик доордо) илим чөйрөсүнө дайын кылышты.
(Караңыз: Садыкова, Шарифа. Сыдыков Осмоналы: (Туулган күнүнүн 130 жылдыгына карата). – Бишкек, 2008. – 84 бет. – ISBN 978-9967-24-873-1. )
Белек Солтонкелди уулу Солтоноев (1878–1937), “Кызыл Кыргыз тарыхы” эмгегинин автору.
“Кайра куруулар” доорунан тартып “Ала-Тоо” журналын жетектеп калган Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов агайыбыз да улутубуздун мурда калыс баага арзыбай келген көрүнүктүү тарыхчылары Белек Солтонкелди уулу Солтоноев менен Осмонаалы Кыдык уулу (Сыдыков) тууралуу маалыматтарды калың журтка жеткирүүдө опол тоодой салым кошконун айта кетүү эп.
Ал “Ала-Тоо” журналындагы бай маалыматтарды, фолклордук мурас үлгүлөрүн, андан тышкары чыгыш таануучулардын чыгармаларынан үзүндүлөрдү жана атайын жазылган эмгектерди “Кыргыздар” деген аталыштагы жыйнакка топтоп, басмага даярдады.
К.Жусупов жарыялаган “Кыргыздар” жыйнагынын алгачкы томунда биздин да Осмонаалы атабызга арналган макалабыз камтылды: Чороев Т. К. Зарыктырган эмгек: (Осмоналы Сыдык уулунун эмгеги жөнүндө) // Кыргыздар: Санжыра, тарых, мурас, салт / Түзгөн Кеңеш Жусупов. – Бишкек: Кыргызстан, 1991. – 1-китеп. – Б. 61–67.
Кийинчерээк 14 томго жеткен “Кыргыздар” жыйнагынын 1991-жылкы чыгарылышына ал кездеги жаш тарыхчы, азыркы тапта тарых илимдеринин кандидаты, доцент Муратбек Чалаке уулу Кожобековдун да Осмонаалы Сыдыков тууралуу макаласы кирген.
Тарых илимдеринин кандидаты Муратбек Кожобеков тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун чыгармачыл мурасына арналган жыйында. Кочкор кыштагы. 07.8.2014.
Тарыхчы Кожобеков кийин да иликтөөлөрүн улантып, О. Сыдыковдун ишин 1958-жылдын 27-майында Кыргыз ССРинин Жогорку соту кайра карап чыгып, советтик Борбордук Азиядагы сталиндик “тройка” чыгаан тарыхчыга карата 1931-жылдын 13-мартында чыгарган өкүм туура эмес болгондугун белгилеп, маркумду толук актап чыкканын жазды.
(Караңыз: Кожобеков М.Ч. Oсмонаалы Сыдык уулунун өмүр баянына айрым тактоолор // Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi. Sosyal Bilimler Enstitüsü, 2005. – № 14. – S. 13–28.
Арслан Капай уулу Койчиев. 31.10.2015.
Шакиртибиз, ал кезде КУУнун тарых факултетинин стажёр-изилдөөчүсү болгон Арслан Капай уулу Койчиев пост-советтик кыргыз таанууда Осмонаалы Кыдык уулу атанын өмүр жолуна жана чыгармачылыгына арналган алгачкы атайын китепчени жарыялаган.
(Караңыз: Койчиев А.К. Осмонаалы Сыдык уулу жана анын “Тарыхтары” / Ред.: А.Мокеев, Т.К.Чоpоев. – Бишкек, 1992. – 46 б.).
Ошентип, СССР биротоло ыдыраардагы акыркы жылдар жана эгемендик доорунун алгачкы жылдары ��ыргыз таануу үчүн Осмонаалы Кыдык уулунун (Сыдыковдун) ишмердигин жана мурасын калыс таразалоо жаатында жаңы бурулушту камсыз кылган.
Мурда Осмонаалынын мурасына терс мамиледе болгондор кийинчерээк аны мактай баштаган учурга күбө болдук.
Кыскача жалпылаганда, Осмонаалы Кыдык уулунун (Сыдыковдун) мурасын кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур сыяктуу тарыхчылар өткөн кылымдын 80-жылдарынын ортосунда эле иликтешсе, азыркы тапта ала-тоолук жана кытайлык кыргыз окумуштуулар ар тараптуу иликтеп жатышат.
Алардын арасында Ташманбет Кененсариев, Токторбек Өмүрбеков, Абылабек Асанканов, Дөөлөт Сапаралиев, Муратбек Кожобеков, Лайли Үкүбаева, Кыяс Молдокасымов, Рыскул Жолдошов, Арслан Капай уулу, Олжобай Каратаев, Темиркул Асанов, Мамбеттурду Мамбетакун, Азиза Турдуева, Аида Кубатова, Гүлзада Абдалова, Жумагул Байдилдеев, Акылай Жумагулова, ж.б. изилдөөчүлөр бар.
Осмонаалынын ата-теги жана жакындары санжырада
Осмонаалы Кыдык уулу (Сыдыков) 1914-жылы жазган “Тарых-и кыргыз шадманиййа” (“Шабданга арналган Кыргыз тарыхы”) эмгегинде ал өзү эл кыдырып жүрүп чогулткан санжыралык маалыматтын каймагы жаңыртылып берилген.
Эмгектин маркум Шабдан Жантай уулуна (1839–1912) арналганын автор өзү да айрыкча белгилеген:
“…Биз бул китепти Шабдан баатырдын соңуна эстелик калсын үчүн жаздык жана да кыргыз туугандарга кызмат кылсын дедик…”
Осмонаалы Кыдык уулу Памирдин батышындагы жана Ферганадагы ичкилик кыргыздардын санжырасы тууралуу маалыматты, балким, үстүрт билгендир. Бирок 1901-жылы Кашкарды кезген маалында Кызыл-Суу, Какшаал, Артыш, Кашкар, Ак-Тоо кыргыздарынын санжыралык маалыматтарын жеринен үйрөнгөн жана ичкилик кыргыздары тууралуу кыйла дурус кабардар болгон десек болот.
Осмонаалынын алгачкы китебинин 100 жылдык мааракеси. 2013.
Башка изилдөөчүлөр да белгилегендей, автор өзүн жалпы кыргыздын тарыхчысы катары санаган.
Биз жалпы санжыра маселесине анчейин тереңдеп отурбайлык да, тарыхчы жана санжырачы Осмонаалы Кыдык уулу бул китебинде өз атасынын ысымын “Кыдык Абайылда уулу” катары даана көрсөткөнүн баса белгилейлик.
Кыргыздын сарыбагыш уруусунун төбөлдөрүнөн болгон Темирдин урпактарынын бири – Черикчи. Ал эми Черикчинин тукумдарынын бири – Абайылда баатыр экенин санап берип, Осмонаалы андан ары баяндайт.
“Ал эми Абайылдадан Шербото, Нарбото, Төрөгелди, Шадыкан, Бекий, Кундак, Капсалаң, Асыл, Пазыл – булар Ботокөз байбичеден. Экинчи катындан – Шеримбек, Ыбыке. Үчүнчү – Субан деген энебизден Кыдык маркум жалгыз. Төркүнү жараш болгон үчүн Жараш эне дейбиз”, – деп жазган Осмонаалы Кыдык уулу.
Ал эми кыргыздын кийинки санжырачыларынын бири, маркум Жапар Кенчиев (1932–2006) б��лсо кыргыз таануучу Гундула Салк Берлинде жарыкка чыгарган санжырасында Абайылданын тукуму тууралуу Осмонаалынын маалыматын дээрлик толук кайталайт да, Кыдыктын энесинин чоо-жайын тагыраак белгилейт:
“Абайылдадан – Нарбото, Шербото, Төрөгелди, Шадыкан, Бакы, Кундук, Капсалаң, Асыл, Басыл. Бул балдары Ботокөз байбичеден. Экинчи аялынан: Шеримбек, Ыбыке. Үчүнчү Субан деген аялынан Кыдык деген жалгыз уул болгон. Төркүнү боюнча «Жараш эне» аталган. Анткени бул кишинин төркүнү саяктын ичиндеги Курманкожо уругунан тараган «Жараш уулунун кызы» экен. Ошондуктан Субан аты калып, «Жараш эне» атыгып кеткен экен…”
(Караңыз: Die Sandschyra der Sarbagïš von Japar Kenčiev / überarbeitet und herausgegeben von Gundula Salk. – Berlin: Klaus Schwarz Verlag, 2014. – S. 128.).
Осмонаалы үчүн өз санжыралык вариантында “жараш” генонимин эскертүү гана жетиштүү болгон, себеби сөз эмне жөнүндө болуп жатканын анын замандаштары, уруулаштары XX кылымын башында жаземдебей билишкен.
Ал эми Жапар Кенчиевдин маалыматы болсо XX кылымдын акыркы он жылдыгында кыргыздын уруу бөлүнүштөрүн мурдагыдай билбей калган пост-советтик окурман үчүн баалуу тактоо болуп саналат. Демек, Кыдыктын таятасы саяктардын жараш уругунан болгон экен.
Осмонаалы Кыдык уулу өз чыгармасында Абайылданын уулу Төрөгелди баатыр тууралуу баалуу маалымат калтырган:
“...Төрөгелди болсо Ормондон соң (анын) ордуна олтуруп журт башкарды… Ошол Төрөгелдиден Шамыкан (мында Шамыркан эмес, ШАМЫКАН! – Т.Ч.), Баатыркан, Үркүнчү, Карасай, Чоткара деп беш уул. Шамыкандан Молдо Кылыч акын”.
Тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулу америкалык көрүнүктүү ойлоп табуучу жана ишкер Томас Эдисон (Thomas Alva Edison; 1847–1931) тууралуу 1914-жылга чейин эле кабардар болгон.
Бул жагдайды “Тарых-и кыргыз шадманиййанын” автору Кудайберген Үркүнчү уулу Төрөгелди небереси жөнүндө сөз кылганда аңдайбыз:
“…Үркүнчүдөн – Өтөмбай, Кудайберген. Кудайберген бу дүйнөнүн доорун жалгыз өзү сүрдү десе болор. Жалаң ойун-тамаша үстүндө жүрдү. Эгерде-илимдүү элдин ичинде болгондобу, экинчи Адисон болмок (б.а. Эдисон. – Т.Ч.). Айла канча?!. Чымчыкка чымчык алдырчу эле, арген добуш, бир нерсе ойлоп таап алчу. Дагы айтайын десең тилиң жетпейт, такта үстүнө он төрт кыл тагып, герамафандай (б.а. граммофондуку сыяктуу. – Т.Ч.) күү чыгарып угузчу эле. Эми муну өзүнөн башка жан билбейт. Кайран жөндөм бошко кетти, соңуна сабак калбады”.
Мындагы такта үстүндөгү он төрт кыл – азыр да хакастар “чатхан” деп атаган музыкалык “жетиген” аспабына окшошуп кетет.
Тарыхчы Осмонаалынын эң улуу агасы Жаркынбай Кыдык уулу чоң молдо болчу. Ал Кочкордо мечит, медресе салдырган жана бир туугандарынын гана эмес, кеңири коомчулуктун билимдүү-таалимдүү болушуна өзгөчө көңүл бурган айкөл киши болгон.
Демек, СССР маалындагы адабиятта көп учураган “кыргыздар 1917-жылга чейин жапырт сабатсыз болгон” деген жоромолго дароо эле 100 пайыз ишене бербешибиз керек. (Албетте, сабаттуулардын саны азыраак болгону талашсыз).
Осмонаалы Кыдык уулу өзүнүн улуу бир тууганын жадитчи агартуучу жана демөөрчү катары өзгөчө урматтаган:
“...Кыдыктан – молдо Сабит, же молдо Жаркынбай ажы. Бу (жалаң гана) Темир уругу эмес, саяк, сарыбагыш тукумдарына чейин дин тааныткан, туура жолго салып, ыйман, ислам үйрөткөн, илим жолун көрсөткөн адам. Бу адам өз кадырын салып Мухаммедали дамбылданы алдырды. Мындан кийин шарият жолу билинип, ошондон илим окуу алга жылды. Талаадагы койчу, жылкычы дебей сабак окуй турган болду… Эми ошондой күндөгү элди ушу акыбалга жеткирген – молдо Жаркымбай”.
Мында өзгөчө маани берилчү жагдай – тээ падышалык доордо эле (болшевиктердин социалдык реформаларынан алда канча мурда) Жаркынбай ажы Кыдык уулу кедей-кембагалдардын өкүлдөрүнүн (“талаадагы койчу, жылкычы дебей”) сабатсыздыгын жоюу үчүн кам көргөндүгү.
Ал эми Жаркынбай молдонун эки иниси болгон:
“(Кыдыктын) экинчи уулу Чубуй, үчүнчү уулу Осмоналы, ушул тарыхты жазуучу, кейпи ушундай – кыргыз кыяпаттуу, башында тебетей…”
Осмонаалы өз эмгегинде өзүнүн фото сүрөтүн да тиркей кеткен.
Кыргыз санжырасын дурус иликтеп жаткан заманбап тарыхчы Рыскул Жолдошов Осмонаалы Кыдык уулу 1916-жылы кыргыз элинин улуттук боштондук көтөрүлүшүнө да уюштуруучулардын бири болуп катышканын тастыктап, аны “чаар Осмонаалы” дешкенин белгиледи.
“Чүйдөгү (1916-жылы июндагы. – Т.Ч.) жашыруун жыйынга катышкандардын арасындагы “Чаар Осмонаалы” дегени кыргыздын туңгуч тарыхчысы, өз мезгилиндеги интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлү Осмонаалы Сыдыков (Кыдык уулу) болушу мүмкүн.
Себеби Осмонаалы молдону “Чаар Осмонаалы” деп да аташкан жана ал Кочкордогу Абайылда болуштугунда жашап, ал жердин болушу Карыпбай жана атасы Канат ажы менен аталаш тууган болгон”.
Эми, “удулдан пайдаланып”, жадитчи Осмонаалы Кыдык уулунун бейнесин жакшылап тар��залаганга огожо болгон анын айрым ыр саптарына токтоло кетелик.
“Тарых-и кыргыз шадманиййанын” автору жалаң байларды гана эмес, мүлдө кыргыз элин илим-билимге чакырган:
“…Заман башка, карап жатпа! Качпа илимден, башың катпа! Өнөр билгин, БАР болоорсуң, Карап жатсаң кар болорсуң!..”
“…Жана бар иликтирик чырак деген. Бир мүнөттө шаар ичи «жарк» деген. Тилископ, дүрбү чыкты үркөр көргөн, Тарууну бир төөдөн да үлкөн көргөн. Өнөр менен эчен зоот, кеме салган, Шолор менен кымбаттар арзандалган. Басмакана жана бар китеп баскан, Калкына өнөр менен маариф (“билим”. – Т.Ч.) чачкан.
Гезит, журнал маалымат ар тараптан, Аны окуп калайыгы көзүн ачкан. Өнөр менен муну бүт адам тапкан, Жалгыз-ак казак, кыргыз карап жаткан!..”
Чыгыш Теңир-Тоодо баш паана табуу
Сталинизм доорунда манаптын тукуму болгон Осмонаалыны жалган жалаа менен 1931-жылы абакка кестиришет. Анан ал өлүм жазасына тартылмак болот. Бирок ал Чүй өрөөнүнөн Ташкендеги абакка айдалып бараткан жеринен өзүнө кол салган сакчыны мерт кылып, туткундан качып кутулуп, эптеп Кытайдын Кулжа аймагына жеткен.
1930-32-жылдардагы атасынын тагдырындагы капсалаңдуу окуяларды кызы Бүбүш Осмоналиева эже мындайча эскерет:
“1930-жылдары “эл душманы” деп жалаа жабышып, атамды өлүм жазасына буюрушат. Ошентип, Бишкектен Ташкент түрмөсүнө алып барышат. Ал түрмөдөн атамды чоң апам куткарып чыккан экен. Айылга келгенде Осмонаалы түрмөдөн качып келди деген сөз чыгарышып, Дөң-Алыш деген айылдан кайрадан кармап кетишет.
Жолдон заара кылганга да уруксат бербей коюшканда атамдын денесине заара тарап кеткен экен. Атам ѳтѳ кыйналганынан жанындагы кызыл чоктун (милициянын) мылтыгын тартып алып, аны мылтыктын кундагы менен чаап өлтүрөт да, Кочкорго келип, татар доктурдан дарыланат. Андан чыгып Сокулуктагы эжелериникине барып, 15-20 күнчө жүгөрүнүн арасына жашынып жашаган экен.
Андан соң үй-бүлөсү менен бирге Тажикстанга барат. Ал жерден да тажиктер “сенин окуганың китеп, жазганың барак, сен жөн адам эмессиң, кызыңды бер, болбосо оруска кармап беребиз” дешет. “Силерге кызымды бергенче кеткеним жакшы” деп Ошко келет.
Оштон “Осмонаалы милицияны өлтүрүп түрмөдөн качкан, аны кармагыла” деп куугунтукка алышат.
Элдер Алайдын Гүлчөсүнѳн атамдын алдына ат тартып качырышат. Ошентип, куугунтук токтобой, айласыздан Эркечтам аркы��уу Кытайга жалгыз жөнөп кетет. Жолдон да көп азаптарды тартып, Жаныбек корбашыга кармалып, ал да атамды өлүм жазасына буйурат.
Бирок Жаныбек корбашы атам менен маектешкен соң анын кыргызды изилдеген илим-билимдүү киши экенин түшүнүп, аны сыйлап бошотот да, өзүнүн алтын таягын белекке берип, алдына ат тартат.
Жаныбекти басмачы, корбашы дешкени менен, ал билимди сыйлаган, кыргыздын таламын талашкан жөн адам эмес экенин атамды бошотуп жибергенинен билсек болот. Атам 1930-жылдан тарта 2 жыл Кашкарда болот. Ал жакка да артынан куугун бара берет.
Андан атам бир айлык жол жүрүп Кулжа-Текеске жалгыз кетет. Ортодо Муз-Ашуу деген зор ашууну ашкан экен. Кулжадан атам, 1935-жылы өз апам Гүлбарага үйлөнөт.
1936-жылы 26-июнда байкем, 1939-жылы 26-июнда мен төрөлгөм. Бул жакта, кыргыз жергесинде калган Алтынай чоң апамдан (атамдын биринчи аялынан) тапкан Шарипа эжем дагы 26-июнда төрөлүптүр. Аны Кытайдан келгенимде паспортунан көрүп алып, таң калгам.
Акырында баягы куугун Кулжага да барат. Ошондо куугундарга Жаныбектен алган алтын таягын берип акыры кутулган экен…”
(Булак: Бүбүш Осмоналиева: Тарыхыбызды тактаганга ѳмүрүн берген Осмонаалы Сыдык уулу (Капарбек уулу Чолпонбек жазып алган) // Көк асаба. – 13.5.2015.).
Ал кезде Үрүмчүдөгү кытай акимине каршы Шинжаңдын дээрлик бардык аймактарында, анын ичинде Кулжа аймагында да толкундоолор четинен башталып жаткан. Ушундай баш-аламандык шартта сталиндик жазалоочулар Чыгыш Теңир-Тоого кирип-чыгып турушкан.
Ал түгүл айрым кызыл армия жоокерлери жана чалгынчылар (чекисттер) Шинжаңдагы ак гвардиячылардын калдыктарына окшош аскер кийимдерин кийинип алып, аймактагы улуттук боштондук кыймылдарынын өкүлдөрүн кытай бийлигине кошулуп жазалап турушкан.
Ошол кандуу 1930-жылдары айтылуу кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын (1918–2014) бир тууган агасы, манасчы жана агартуучу Балбай Мамай 46 жашында кытайлык абакта набыт болгон.
Жаныбек казы Сагынбай уулу жана анын жигиттери. 1930-жж. башы.
Кудай жалгап, тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулу Шинжаңдагы мындай опурталдуу сыноолордон аман-эсен калган. Артынан сари изине чөп салып Кулжага чейин кубалап келген жазалоочуларга Жаныбек казы Сагынбай уулунан белекке алган алтынды берип кутулганын кызы Бүбүш жогоруда эскерди.
Осмонаалы Кыдык уулу өз эмгектери үчүн мындагы арап арибин ырааттуу колдонгон кытайлык кыргыз жамаатынын урмат-сыйына татыган. Акырында ал Теңир-Тоонун чыгышындагы бийик тоолуу ажайып жерде – Текестеги Чекирти деген айылда 1942-жылы кайтыш болгон.
Сөз аягы
Абайылда баатырдын уулу Төрөгелди – айтылуу Ормон хан Ниязбек уулу 1842-жылы негиздеген хандыктын аскер башчысы, андан соң өз чөлкөмүнүн журт башкаруучусу, падышалык оторчул бийликке каршы чыккан манап катары тарыхта калып, атасынын даңкын каарман жоокер жана журт башчысы катары уланткан.
Ал эми Абайылданын небереси (б.а. анын кенже уулу Кыдыктын кенжеси) Осмонаалы молдо болсо агартуучу, тарыхчы, санжырачы, 1913–14-жылдары кыргыз тарыхына арналган эки китепти жарыкка чыгарган айдың катары кыргыз элинин сый-урматына жетип, бабаларынын атын эч кандай курал-жараксыз усул менен, жыгач калем жана сабаттуулук жолу, демек, агартуучунун тынч нугу аркылуу түбөлүккө калтырды.
Тынчтыкбек Чоротегин, “Азаттык”, 19.01.2018-ж.
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/04/28/izden-rn-g-bolgon-zalkar-kalemger-ke-esh-zhusupovdun-80-zhyldygyna/
Изденүү өрнөгү болгон залкар калемгер (Кеңеш Жусуповдун 80 жылдыгына)
Кыргыз эл жазуучусу, «Манас» орденинин ээси Кеңеш Жусупов үстүбүздөгү жылы чын куран (апрел) айынын 14үндө 80ге чыкты. Анын торколуу тоюна арналган атайын коомдук жыйын шейшембиде, чын курандын 25инде, А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өткөрүлмөкчү.
Миң кырлуу багытты багынтууда
Заманбап кыргыз адабиятында жазуучу Кеңеш Жусуповдун салымын бир сап менен баалап-чагылдырууга эч мүмкүн эмес.
Сыртынан караганда өтө жоош, өтө карапайым, кичи пейил, эч ким менен кайым айтышпаган бул калемгер, иш жүзүндө, кылымдар бою топтолуп, бууракандап келген кыргыз деминин кубатына толукшуп, калеми аркылуу тынымсыз козголоңчу жана мээнеткеч атуул катары элине кызмат кылып келет.
Бул күч жана касиет – улуу жомокчулар, дастанчылар, төкмөлөр, жазгыч калемгерлер жана кеменгер ойчулдар сыйдырган кудуреттин жаңыча улантылышы.
Манас таануучу
“Манас” дастанынын кара сөз түрүндөгү кыска вариантын жаратып, Кеңеш агай жатык тил аркылуу бул залкар эпостун мазмунун кеңири окурмандар катмарына жеткире алды. Бул кара сөз вариант дүйнөнүн жети тилине которулган.
Индиялыктардын “Махабхарата”, “Рамаяна” дастандары жана гректердин Гомер калтырган “Илиада”, “Одиссея” дастандары дүйнө калктарына көбүнесе толук оригиналы аркылуу эмес, жеңилдетил��ен баяндар аркылуу көбүрөөк таркагандыгы жашыруун эмес. Ошондуктан дүйнөнүн чар тарабын кезген жана айдыңдык тажрыйбага сугарылган Кеңеш агайдын “Манас” дастанын даңазалоого багытталган жогорудагы эмгеги көркөм дүйнөнүн башка өкүлдөрү (киночулар, драматургдар ж.б.) үчүн да өрнөк.
Жазуучу Кеңеш Жусупов кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамай менен. Бишкек. 1989-ж.
Тыныбек, Сагынбай, Сайакбай, Жусуп Мамай ж.б. айткан варианттарды дүйнөнүн ар кыл тилдерине которуу менен чектелбестен, Теодор Герцендин гравюралары, бедизчилердин чыгармалары, Мелис Убукеев, Нурбек Эген сыяктуу киночулардын эмгектери, Кеңеш Жусуповдун жана анын досу Ашым Жакыпбековдун кара сөз бермети аркылуу тааныштырган варианттары, Самар Мусаевдин чакан илимий этюду, манас таануучулардын изилдөөлөрү аркылуу да бул улуу жомоктун дүйнөгө маалым болушунун чектерин кеңейтүү иши жүзөгө ашырылууда.
Кыргыз таануучу
“Кыргыздар” көп томдугун жарыкка чыгаруу аркылуу Кеңеш агай миңдеген ата-бабалардын арбагы ыраазы болгондой милдетти аркалап келет. Анда жалпы Евразиянын кеңирсиген мейкиндигине чачылган тарыхый кыргыз этносунун дээрлик бардык чөлкөмдөрү жөнүндөгү тарыхый булактар, санжыралык жана башка фолклордук казына, сейрек жыйынтыктары бар изилдөөлөр камтылган.
Бул – азыркы окурманга бүркүт жете алгыс космостук бийиктикке чыгып алып, Евразия мейкиндигин оңой-олтоң багындырып, жыйырма эки кылымдан ашык мезгилдеги орчун закымдарга сересеп салууга мүмкүн кылган энциклопедиялык казына.
Бул көп томдукта кытай тарыхынын “атасы” Сыма Цяндын жазгандары да жүрөт, рун сымал жазмалар аркылуу бабалар тарыхын калтыргандардын эмгеги да жүрөт, Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари Барсканинин (11-кылым), Ахсыкентинин (16-кылым), Арстанбектин, Жеңижоктун, Нур Молдонун (19-кылым), Тыныбек Жапый уулунан Жусуп Мамайга чейинки улуу жомокчулардын, Осмонаалы Сыдык уулу менен менен Белек Солтоноевдин (19-кылымдын соңу – 20-кылымдын башы), ж.б. мурастары, Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, Т.Океев сыяктуу залкарлар жөнүндө иликтөөлөр жүрөт.
Кеңеш Жусуповдун “Кыргыздар” жыйнагында жана ал 1987-жылдан бери редакторлук кылган “Ала Тоо” журналында чуваш Николай Бичурин, казактар Чокон Валиханов, Муктар Авезов (Ауэзов), орусташкан немистер В.Радлофф (Радлов), В.Бартольд, орустар Н.Аристов, Е.Поливанов, А.Бернштам, С.Абрамзон, Ю.С.Худяков, хакас Астайбек (Виктор) Бутанаев, франсуз Реми Дор, ала-тоолуктар Өмүркул Караев, Салмоорбек Табышалиев, Имел Молдобаев, Дөөлөт Сапаралиев, Абылабек Асанканов, Муратбек Кожобеков, Сынару Алымкулова, Кыяс Молдокасымов, Акылбек Кылычев, Арслан Капай уулу, ошондой эле Анвар Байтур, Мухаммед Ху Чжэнхуа, Лаң Йиң, Хы Жихоң, Макелек Өмүрбай, Амантур Абдырасул, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ысак баштаган кытайлык кыргыз, ханзу, дунган тектүү ж.б. илимпоздордун эмгектери жарык көргөн.
Атуул таануучу
Кеңеш агай телескоп менен гана эмес, микроскоп менен да куралданган инсан. Анын тарыхчы Белек Солтонкелди уулу Солтоноев, акын Алыкул Осмонов тууралуу иликтөөлөрү өз заманында жаңы дың бузган эмгектер болгону маалым.
“Кыргызстан маданияты” гезитинин баш редактору, журналист Нуралы Капаров менен курган маегинде Кеңеш Жусупов чыныгы ата уулдары тууралуу суроого жооп узатып:
“ХХ кылымдын башынан санай келсек, кыргыз рухий маданиятына зор салым кошкон инсандар Белек Солтоноев, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахмановду биринчи ата уулдары дээр элем. Азыр бул ысымдар улуттук тарыхта белгилүү болуп калды. Алар отуз жаштын ичинде, кыркка жетпей атылып кетишти”, — деп жооп бергени эсибизде.
Бул инсандардын ичинен Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдин чыгармасынын эч жарыялана элек кол жазмасын Кеңеш агай 1980-жылдары Алматыдан таптырып, “кайра куруулар” доорунда “Ала Тоо” журналына биринчи жолу жарыялаган. Бул — каармандык иш эле.
“Ошого дейре кыргыз окумуштуулары, изилдөөчүлөрү, тарыхчылары илимпоздун кол жазмасынан коркушуп, изилдешкен эмес. Мына, советтик идеологиянын каргашасы”, — деп Кеңеш агайдын айтканы чындык.
Кеңеш агайдын XX кылымдагы Б.Солтоноев, К.Тыныстанов, Ж.Абдырахманов сыяктуу кыргыз залкарлары жөнүндө:
“Булар эч убакта өзүлөрү жөнүндө, дүр-дүйнө, мансап туурасында ойлонгон эмес. Улуттун келечегин гана ойлонушкан, элибиздин маданияты, рухий дүйнөсү өссө экен деп Жараткандан зар тилешкен, өмүрүнө, жыргалына кайыл болушкан. Коомду алдыга жылдырып, турмушун оңдоп, элдин көзүн ачышкан, эмгегин калтырышкан. Мына ушулар ата уулдары (патриоттор)”, — деп айткан сөзү чып-чыргасы коробой анын жеке өзүнө да мыкты мүнөздөмө боло алат.
Абрамзондун алкоосуна татыган
Жогоруда Кеңеш агайга “козголоңчу” деген мүнөздөмө бере кеттим. Аны айрым далилдер менен чечмелеп берсем, жаш муундар бул залкар калемгердин өз бетинче коомдук ишмер катары жүзөгө ашырган атуулдук иштерин дурусураак аңдашат ко дейм.
Саул Абрамзон, залкар кыргыз таануучу этнограф.
1971-жылы Ленинградда заманбап кыргыз этнографиялык илиминин негиз салуучуларынын бири Саул Менделевич (Матвеевич) Абрамзондун (1905-1977) кыргыздардын теги, этностук-маданий байланыштары тууралуу өзгөчө маанилүү монографиясы жарык көргөн. Бул – кыргыз таануунун ошол кездеги салтанатына айланган китеп эле. Бирок ал кездеги жападан-жалгыз бийликтеги партиянын – Кыргызстан Компартиясынын жетекчилиги бул китепти жана анын авторун адилетсиз сынга алган.
Бул жөнүндө тарыхчы, кыргыз таануучу, булак таануучу, этнолог Өмүркул Караев мындайча эскерген:
“…Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Т. У. Усубалиев республикалык партактивде (1973-ж.) Саул Матвеевичтин аталган олуттуу эмгегин катуу сынга алган. Анын алдында (ак үйдүн шилтемеси менен) кошоматчы тарыхчылар К.К.Орозалиев, С.И.Ильясов жана А.Г.Зималар С.Абрамзондун эмгегин кыргыз элинин түзүлүшү «партиялык» көз караш менен жазылган эмес деп айыптап, бир топ «кемчиликтерди» табышкан. Алардын пикири боюнча С.Абрамзондун эмгегиндеги, маселен, урук-урууларды иликтөө жаштарды биримдүүлүккө тарбиялабастан, алардын арасында «жиктелүүнү» күчөтөт имиш. Чындыгында этнография илиминин эң негизги максатынын бири элдердин этностук түзүлүшүн (структурасын) иликтөө болуп эсептелет. Анын жыйынтыгы дегеле урук-уруулардын карама-каршылыгына алып келбейт.
Албетте, С. М. Абрамзондун бул эмгеги эч кынтыксыз дештен алыспыз. Китепке автордун 1970-жылга чейин ар кайсы мезгилдерде жарыяланган эмгектери киргизилгенин жана алар ошол кездеги коммунисттик партиялык идеологиянын таасири астында саясатташтырылып жазылганын эске алышыбыз керек. Алсак, Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылычтын эмгектери «реакциячыл» деп мүнөздөлгөн ж. б. Эгер автор тирүү болгондо бул өңдүү айрым маселелерди кайра оңдомок.
С. М. Абрамзондун Кыргызстандын тарых илимине кошкон салымы зор. Бирок ал көрүнүктүү илимпоздун көзү барында анын сиңирген эмгеги, тилекке каршы, калыс бааланбай, жогоруда айтылгандай, кайра сынга алынган.
Так ошол учурда улуу жазуучубуз Ч.Айтматов ал кишиге 1973-жылы 10-мартта атайын кат жолдоп, анда: «…Кош болуңуз, Саул Матвеевич, Кыргыз интеллигенциясы өз кишиси жана чаалыкпас, таланттуу илимпоз катары Сизди абдан барктаары�� жана жогору баалаарын эч унутпаңыз!» — деп ��алпы коомчулуктун пикирин билдирген. Бул катты окуганда Саул Матвеевич төбөсү көккө жеткендей кубаныптыр. Сөз жок, Ч. Айтматовдун бул пикирине окурмандар да кошулаары шексиз….”, — деп Өмүркул агай 1999-жылы калыс жазган.
Ал эми Кеңеш агайга келсек, ал тээ 1973-жылы, С.Абрамзон адилетсиз сынга кабылгандан көп узабай, Ленинградга (Санкт-Петербургга) барып, ага атайын жолуккан. Ала-Тоодон атайы ала барган ак калпакты С.Абрамзонго кийгизип, чапан жаап, айтылуу кыргыз бальзамын өз элинин атынан тапшырган.
Бул жөнүндө Кеңеш Жусупов агай жакында, 2017-жылы чын курандын 18инде, маркум этнограф Имел Молдобаевди эскерген эл аралык илимий жыйын маалында да эскерип өттү.
Кеңеш агайдын: «Сизди кыргыздар өтө сыйлайт, сыймыктанат, урматтайт. Кээ бир басма сөздө сиздин эмгегиңиз жазылган сындарга жалпы эл кошулбайт, интеллигенция сизди колдойт», — деген сөзүнө Саул Менделевич ыраазы болуп көзүнөн жаш тегеренип:
«Мен өмүрүмдү чыгармачылык излдөөлөрүмдү кыргыздарга жумшадым, эмгектендим. Мен кыргыздардын патриотумун. Мен дагы сиз айткандай ойлогон элем. Сизге алкыш!» — деген экен.
Бул – күжүлдөп ылдый аккан идеологиялык толкунга карама-каршы башат тарапка тайманбай сүзүүнүн бир көрүнүшү эле.
Тымызын атуулдук ийрим түзүү ниети
Нуралы Капаров байкебизге айткан ыймандай сырларынын биринде Кеңеш агай 1960-жылдардагы романтикалуу козголоңчу рухун эскергени бар:
“Буга чейин эч айтылбаган сырды чечилип айтайын. 1950-60-жылдары биз анда студентпиз, жаш кезибиз. Насаатчы таппай, ар кандай адабиятты окуп алып, келечектеги турмушубузду кандай курсак деп кыялданып жүргөн маал. Адабиятка кызыгабыз, кээде эл тагдырын ойлоп, кейип калабыз. Көчөдө жүргөн бир автобус эл түшсө, ичинде араң төрт-беш кыргыз болчу, калганы башкалар.
Биз баскынчылык заманга, андагы башкарууга, советтик идеологияга, анын үстөмдүгүнө нааразы элек. Бугубузду бири-бирибизге жашыруун айтып, ошол “советтик” деп аталган, орусташкан идеологияга, саясатка каршы кружок топ (ийрим) уюштурууну ойлодук.
Мен бул сырымды университетти бүтөр жылы Капар Алиев деген диктор, журналист, котормочу агама айттым. Ал киши өтө интеллектуалдуу, таланттуу, нарктуу, башынан көп кыйынчылыкты өткөргөн акылман адам эле. Ал мени дароо түшүндү да, «Кокуй, от менен ойнобо, жаштыгың куруйт. Андай кыйын болсоң, айылга барып, элиңдин кудурет-дээрин байка. Жакшылап ойлонуп көрчү», — деди.
Анын акылы боюнча эки жылдай Нарында редакцияда иште��, элдин абалын байкап-көрүп, аралашкан соң, баягы туталанган рух кыйла өчүп, шаабайым сууган. Анан саясий күрөштөн көрө маданият күрөшүнө өткөнгө бел байлагам. Анүчүн көп окуп, көптү билип, элдин тарыхына кызыгып, ошол билгениңди, тапканыңды кайрадан элге жеткирүүнү ойлонгон элем” – деп эскерет Кеңеш агай.
Мында ысымы эскерилген Капар Алиев (8.5.1927 — 12.5.1970) Эчки-Башы айылындагы бай кишинин тукуму болгон. Анын агасы Абдыракман Аалы уулу экинчи дүйнөлүк согуш маалында туткунга түшүп, андан соң нацисттик концлагерден качып, Югославиядагы партизандык кыймылга катышкан, бирок согуш бүткөн соң жазыксыз жерден ГУЛагга айдалып, кийин гана акталып келген. Капар Алиев кыргыздын көрүнүктүү журналисти, сыналгы жана үналгы диктору, юморчу жазуучу болчу, аны замандашы Райкан Шүкүрбеков “Кыргыздын Левитаны” деп атаганы белгилүү.
Шибер таануучу
Кеңеш агай кыргыздын бай тарыхынын Сибирдеги (Шибердеги) катмарын иликтөөгө да бараануу салым кошуп келе жаткан калемгер.
“Ошол мезгилде, 1980-жылдарда, басма сөздө болсун, жалпы эле саясий-маданий турмушубузда болсун: «Кыргыздардын тарыхы тайкы, маданият жок, Октябрь революциядан кийин гана эл болгон» деген саясат, идеология жүрчү. Кыргыздардын байыркы Түштүк Сибирдеги тарыхына тыюу салынган. Буга мындайча каршы чыксаң, кендириңди кесип койчу: кесибиңен, ишиңен, партиялуулугуңан кол жууп, атургай камакка кетчүсүң. Биздин, Кубатбек Жусубалиев экөөбүздүн Түштүк Сибир, Алтай, Хакасия, Тува элдерине эки ай сапарыбыздын максатын кыскартып айтканда: ошол учурдагы саясатка каршы өзүбүздүн бунтубуз, күрөшүбүз эле. Экинчиси — бабаларыбыздын байыркы мекенине барып сыйынуу жана тарыхты, ата конушту таануунун алгачкы рухий жолун чабуу болду…” – деп ал кичүү кесиптеши Нуралы Капаров агабызга айтканы эсте.
Кубатбек Жусубалиев менен Кеңеш Жусупов маркум Мурза Гапаровдун 80 жылдык юбилейинде. Бишкек, 25.3.2016.
Кеңеш агай досу Кердегей (Кубатбек Жусубалиев) менен чогуу Эне-Сайга саякаты маалында аларга айылуу хакас этнографы Астайбек Бутанаев көмөк көрсөткөн. Бул тууралуу 1988-жылы Кубатбек Жусубалиев агайдын үйүндө Астайбек байке менен чогуу болгонубузда, алар кыраан каткы күлүп, ошондогу атуулдук рух менен жүзөгө ашкан саякатты эскерип отурушканы азыр да көз алдымда турат.
Кеңеш агайдын мындагы козголоңчулугун даана түшүнүү үчүн 1970-жылдардын акыры – 1987-жылдары Кыргызстан Компартиясы жана ага түз кыңк дебей баш ийген Кыргызстан Илимдер академиясынын Тарых институтунун жетекчилиги илимий жактан таптакыр туура эмес жобону карманганын – Эне Сай Кыргыз каганатынын тарыхына теңир-тоолук кыргыздардын эч тийешеси жок деген азыр эч түшкө кирбестей болгон концепцияны расмий таңуулаганын айта кетүү эп.
Буга тарыхчылар Өмүркул Караев, Александр Грач, Николай Сердобов, Юлий Худяков, Виктор Бутанаев, Мидил Жамгырчинов, Ысман Кожомбердиев, Имел Молдобаев ж.б. каршы чыгышкан, ал эми жазуучулардан Түгөлбай Сыдыкбек уулу, Чыңгыз Айтматов, Кеңеш Жусупов ж.б. каршы турушкан.
1974-жылы Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повести орусча жарык көрдү (После сказки: («Белый пароход»). – Ф.: Кыргызстан, 1974). 1982-жылы “Мектеп” басмасынан мектеп окуучулары үчүн Чыңгыз Айтматовдун “Бугу-эне: Жомок” чыгармасы кыргызча өзүнчө китеп болуп чыкты. Мындагы негизги идеялардын бири – “маңкурт болгуң келбесе, Эне-Сай, Алтай жана жалпы Сибир жана Ички Азия менен байланыштуу тарыхыңды унутпагын” деген тымызын ураанда камтылган.
Жазуучулар Кеңеш Жусупов, Кубатбек Жусубалиевдин, кинорежиссер Мелис Убукеевдин Алтай – Эне-Сай сапарларын, Түгөлбай Сыдыкбек уулунун Кыргызстан ИАсынын Тарых институтунун жана Кыргызстан Компартиясынын идеологдорунун тайкы жоболорун айыптаган катын, археолог Юлий Худяковдун, чыгыш таануучу Өмүркул Караевдин, этнографтар Астайбек Бутанаевдин, Имел Молдобаевдин, манас таануучулардын, фолклор таануучулардын ж.б. илимий эмгектерин эске алсак, демек, маңкурттукка каршы күрөштө Чыңгыз Айтматов жалгыз болгон эмес.
Саякатнаамачы
Кеңеш Жусупов агай кыргыз адабиятында саякаттарды кызыктуу жазуу аркылуу элди ойготкон калемгерлердин ана башы болду. Ал Италияга, Жапонияга, Индияга, Түркияга жана башка аймактарга саякат менен барган соң, окурман өзү да аралап жүргөндөй кылып тамшандыра баян жазып келчү.
Чоң аталар четтеги айылга барып, устукан ала келишсе, Кеңеш агабыз кызыктуу китептерди жана руханий дүйнөнү ажарланткан таасирлүү жолсапар баяндарды жалпыга олжо кылып ала келчү. Ушул калыбынан агабыз эч жазбайт деп ишенебиз.
Айыл таанытуучу
Бир кезде томуктай болгон Эчки-Башы айылы азыр таанылгыстай өзгөрдү. Мурдагы “Коммунизм” орто мектеби эми Кеңеш агайдын атасы, агартуучу Жусуп Иманаалы уулунун ысымын алып жүрөт.
Ал эми айылдыктардын турмушун ай-ааламга тааныткан калемгер – Кеңеш Жусупов болду.
Кеңеш агабыз көркөм чыгармасында тагдырын шөкөттөп жазган экинчи дүйнөлүк согуш ардагери, көзү ��өрбөй калган Аянкул ат��ны мен да көрүп, салам берип калдым. Ал эми өмүрүн жаңы төрөлүп жаткан бала үчүн багыштап, кыядан кулаган жаткан автоунааны өз денеси менен токтотуп калган Акылбекти көрбөсөм да, Акылбек-Кыяда тестиер кезимде чана тээп ойноп калдым. Азыр Акылбек-Кыя жок (Эмгекчил, Миң-Булак сыяктуу коңшу айылдарга суу жеткирчү ири канал курулганда, бул чакан кыя басырылып жок болду), бирок ысымы кыяга коюлган Акылбек ата жөнүндө татынакай баян Кеңеш аганын калеми менен түбөлүккө жазылып калды.
Тагдыр ириминен туура нук табууга умтулган карапайым карагайчылар, далай чыгаан эчки-башылыктар жана он-арчалыктар (манасчы Дуңкана Кочуке уулу ата, акын Жумакан Тынымсейитова, коомдук ишмер Күмүш Суранова, диктор Капар Алиев, журналист Сулайман Мамбеталиев, этнограф Какен Мамбеталиева, обончу Сайыргазы Түркмөнов, архитектор Вера Алиева, генерал Бейше Молдогазиев, ж.б.) тууралуу Кеңеш агайдын публицистикалык жана даректүү эскермелери жана чыгармалары 1920-80-жылдардагы Теңир-Тоодогу тепкедей айылдын турмушун жана андагы инсандардын өмүр жолдорунун урунттуу учурларын чагылдырат.
Айылга трактор же башка мүлк сатып берген же мечит курган кишилерди гана даңазалагандарга айтаарым – Кеңеш агай сыяктуу өз кыштагын ай-ааламга даңазалаган калемгерлер өтө сейрек.
Ата журт таануучулардын данакери
Эсимде, дал ошол 1970-80-жылдары “родина” сөзүн да көкөлөтүп, кыргыз лексиконуна “саясий жактан туура термин – ушул орус сөзү” деп таңуулоо аракети болгон жылдары, Кеңеш Жусупов агай “Ата журт: Публицистикалык ой толгоо жана повесть” деген аталыштагы китебин (Мектеп, 1977) жарыялаган. Бул кезең – нукура элдик термин аркылуу маңкурттукка каршы тымызын руханий күрөштүн учуру болчу.
Кеңеш агайдын дагы бир козголоңчул руху – совет доорунда эч жарытылуу айтылбаган тарыхый инсандар жөнүндө өзү гана казбастан, башка да ачык жазууга бел байлаган калемгерлерге “Ала Тоо” журналын платформа, пайдубал катары сунуштагандыгында болгон. Ошол “Кайра куруулар” жылдары “Кыргызстан маданияты” жумалыгын жетектеген замандаштары да Кеңеш агай менен эриш-аркак иштешкен тайманбас үзөңгүлөштөр болушкан. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигине жалпы жетекчи болгон Чыңгыз Айтматов аларга руханий жана саясий калка болгону да жашыруун эмес.
Энциклопедиячы айдың
Ал эми эгемендик доорубузда Кеңеш Жусупов агайдын тапкан-ташыганынын көпчүлүгү тарыхчы илимпоздорго жана педагогдорго өзгөчө огожо болду. Азыр дагы калайык тарых илимине таандык эне тилдеги адабиятка суусап турган чак. Кеңеш агай негизги түзүүчүсү болгон жыйнактын — “Кыргыздар” көп томдугунун 90 пайыздайы – совет доорунда карапайым окурман түгүл тарых факультетинин окутуучулары менен студенттери да эч таба албай келген чыгармалардын жана жаңы жазылган же жаңыдан которулган эмгектердин жыйындысы болуп саналат.
Бул жыйнакты илимпоздордун бири булак таануучу катары караса, бири – тарыхнаамачы катары, дагы бири – фолклор таануучу катары, дагы бири – инсан таануучу катары карашат. Демек, бул – кыргыз адабиятында буга чейин болуп көрбөгөндөй энциклопедиялык жана хрестоматиялык жыйнак.
Эгерде Кеңеш Жусупов өз өмүрүндө “Кыргыздар” жыйнагы менен гана чектелсе, ошонун өзү дагы анын ысымын өлбөс-өчпөс кылып калтырууга жетет болчу.
Бирок калемгерлердин дулдулу азыр дагы көп тарамдуу иш-аракетин улантып келет.
Сый-урматка ээ аксакал
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон 2016-жылдын бештин айынын (декабрынын) 31индеги жарлыкка ылайык, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды жана бул сыйлык ага 2017-жылдын жалган куран (март) айынын 6сында салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Кыргыз эл жазуучусу К.Жусуповго президент А.Атамбаев II даражадагы “Манас” орденин тапшырууда. 06.3.2017.
Бул жогорку сыйлык кыргыздын чыныгы атуулуна ыйгарылды деп санайбыз.
Урматтуу Кеңеш байке! Сизге энциклопедиялык терең билимин элине талбай арнап келе жаткан калемгер агабыз катары чың ден соолук, бери дегенде 120га чыккандай узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыбаттык, мындан аркы чыгармачыл бийик серелерди, урпактарыңыз жана сиз тарбиялаган муундар эгемен жана демократиялуу Кыргызстанды ырааттуу өнүктүргөн сиз сыяктуу нагыз атуул болушун каалайбыз.
Кеңеш Жусупов тууралуу айрым маалыматтар:
Википедияда: http://ky.wikipedia.org/wiki/Жусупов,_Кеңеш
Өмүров, Бактыяр Жанышбекович. Кеңеш Жусуповдун чыгармачыл изденүүлөрү. 10.01.01 — Кыргыз адабияты. Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты. — Бишкек, 2014. — 30 бет. — КР УИАсы: Жусуп Баласагын атныдагы КУУ. — (2014-жылы 28-ноябрда Бишкекте УИАда корголду. Илимий жетекчиси академик А.Акматалиев).
Өмүров, Бактыяр Жанышбекович. Улуттук баалуулук К.Жусуповдун калеминде // И.Арабаев атындагы КМУнун Жарчысы. — 2013. -= № 2. — Б. 140-142.
Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – (Мында: 216-бетте). — ISBN 5-89750-100-9.
Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – (Мында: 138-бетте). – ISBN 978-9967-25-256-1.
Писатели Советского Киргизстана: Справочник / Авторы-составители К.Ботояров, Р.Момунбаева; сост. А.Макеева; Редколл.: Барпы Рыспаев (глав. ред.) и другие. — Фрунзе: «Адабият», 1989. — 656 стр. — (мында: 246-247-бетте). — ISBN 5-660-00084-3.
Айтматов академиясынын академиктери / Жыйнакты түзгөн Дилдебек Андашев; Жооптуу редактору Четин Жумагулов. Китепти каржылаган Темирбек Асанбеков. – Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 2011. – 104 бет, сүрөттөр. – (Мында: 50-бетте). – ISBN 978-9967-14-087-5.
Кыргыз адабияты: Энциклопедиялык окуу куралы. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004.
Тынчтыкбек Чоротегин, «Азаттык», 24.04.2017-ж.
0 notes